• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дем алыш күндөрү 6 адам сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар Кыргызстанда дем алыш күндөрү 6 адам сууга чөккөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-июлда саат 15:45 чамасында Сокулук районунун Төш-Булак айылында Сокулук дарыясына 1960-жылы төрөлгөн А.А. жана 1978-жылы төрөлгөн И.А. аттуу эки аял чөгүп кетишкен. Куткаруучулар алардын жансыз денелерин алып чыгышып, милицияга өткөрүп беришкен.

Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы көлмөгө 6-июлда Ж.у.О аттуу 16 жаштагы бала чөгүп кеткен. Денеси куткаруучулар тарабынан 7-июлда табылып, милицияга өткөрүлүп берилген.

7-июлда Бишкекте саат 15:20 чамасында Комсомольское көлүнө 1999-жылы төрөлгөн А.Өмүрбекова аттуу кыз чөгүп, куткаруучулар аны куткарып калышкан. Ал медициналык жардамдан баш тарткан.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 8-июлда бир кишинин чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар саат 21:20 чамасында 1971-жылы төрөлгөн С.И.М аттуу адамдын денесин алып чыгышкан.

Базар-Коргон районунун Акман айылындагы көлмөгө 8-июлда саат 14:18 чамасында М.у.А аттуу 1994-жылы төрөлгөн адам чөгүп кеткен. Анын денеси куткаруучулар тарабынан саат 15:03тө табылып, милицияга өткөрүлүп берилген.

Айгыр-Жал айылынын тургуну, 1995-жылы төрөлгөн Э.Тургуналиев 22-июнда “Матиз” үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайтып келген эмес. Анын жеке буюмдары Чаткал дарыясынын жанынан табылган. Куткаруучулар аны издешүүдө, бирок азырынча жыйынтык жок.

Пикир

Оставить комментарий