• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дем алыш күндөрү жол эрежелерин бузган 7 миң 718 айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Өлкө аймагындагы көчөлөрдө жол кырсыктарын алдын алуу максатында эс алуу күндөрү рейд өттү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ичимдик ичип алып, мас абалда унаа башкарып, одоно жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга катуу көңүл бөлүндү.

Жалпысынан дем алыш күндөрү эле республика аймагында жол эрежелерин бузган 7 миң 718 айдоочу аныкталды, анын ичинде:

- 69 тиешелүү документтери жок унаа башкарган айдоочу,
- 121 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга бергендер,
- 1079 транспорт каражаттарынын айдоочунун кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандар,
- башка жол кыймылынын эрежелеринин бузуулары - 6 миң 449 болду.

Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн 372 даана унаа каражаты атайын токтотуучу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий