• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда диссертациялардын 95%ы расмий тилде жазылууда - Мамлекеттик тил комиссиясы

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда диссертациялардын дээрлик 95%ы расмий тилде жазылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

"Илим чөйрөсүндө тил саясаты курч бойдон турат. Бүгүнкү күнү илим кыргыз тилинде сүйлөбөй жатат. Мен Жогорку аттестациялык комиссиясында президиумдун мүчөсүмүн. Ал жакта жакталган диссертациялардын дээрлик 95%ы расмий тилде жакталып жатат. Анын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Мамлекеттик тил илимде иштеши керек. Кыргыз тил илими жаңы методологиялык деңгээлде өнүгүшү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий