• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

«КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –

  • добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
  • добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
  • вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 13 396 (2494/1311 УШК) арыз берилди.

Анын ичинде:

  • ден соолугунун абалы боюнча – 5815,
  • улгайгандыгы боюнча – 5118,
  • ДМЧА – 607,
  • кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөндөр – 278,
  • вахталык ыкма менен иштегендер – 755,
  • аскер кызматчылары 192,
  • алыскы мал жайыт участокторунда жашагандар – 103,
  • интернат үйлөрдө жашагандар – 214,
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо жашагандар – 40,
  • карылар үйлөрүндө жашагандар – 132,
  • ооруканаларда жүргөндөр – 142.

Облустар боюнча:

  • Баткен облусу боюнча – 218 УШК, анын ичинде 107 УШКга 856 арыз берилди;
  • Ош облусу боюнча – 593 УШК, анын ичинде 405 УШК 4114 арыз берилди;
  • Жалал-Абад облусу боюнча – 452 УШК, анын ичинде 256 УШКга 2700 арыз берилди);
  • Талас облусу боюнча – 117 УШК, анын ичинде 58 УШКга 480 арыз берилди;
  • Чүй облусу боюнча – 408 УШК, анын ичинде 175 УШКга 1550 арыз берилди;
  • Бишкек шаары боюнча – 228 УШК, анын ичинде 58 УШКга 1963 арыз берилди;
  • Нарын облусу боюнча – 169 УШК, анын ичинде 130 УШКга 1076 арыз берилди;
  • Ысык-Көл облусу боюнча – 250 УШК, анын ичинде 121 УШКга 657 1024 арыз берилди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 785 (2435/1311 УИК) арыз берилди.

Анын ичинде:

  • ден соолугунун абалы боюнча - 5816,
  • улгайгандыгы боюнча - 5117,
  • ДМЧА - 607,
  • кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөндөр - 67,
  • вахталык ыкма менен иштегендер - 604,
  • аскер кызматчылары - 130,
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо жашагандар - 40,
  • интернат үйлөрдө жашагандар – 214,
  • алыскы мал жайыт участокторунда жашагандар - 102;
  • карылар үйлөрүндө жашагандар 88.

Облустар боюнча:

  • Баткен облусу боюнча – 218 УШК, анын ичинде 107 УШКга 836 арыз берилди;
  • Ош облусу боюнча – 593 УШК, анын ичинде 405 УШКга 4034 арыз берилди;
  • Жалал-Абад облусу боюнча – 452 УШК, анын ичинде 256 УШКга 2571 арыз берилди;
  • Талас облусу боюнча – 117 УШК, анын ичинде 58 УШКга 329 арыз берилди;
  • Чүй облусу боюнча – 408 УШК, анын ичинде 175 УШКга 1550 арыз берилди;
  • Бишкек шаары боюнча – 228 УШК, анын ичинде 58 УШКга 1784 арыз берилди;
  • Нарын облусу боюнча – 169 УШК, анын ичинде 130 УШКга 1024;
  • Ысык-Көл облусу боюнча 250 УШК, анын ичинде 121 УШКга 657 1024 арыз берилди.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн төмөнкүдөй арыздар берилди:

Токтогул АШК - 53 шайлоочу,

Чаткал АШК - 0 шайлоочу,

Аксы АШК – 58 шайлоочу.

Пикир

Оставить комментарий