• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда добуш берүү системасы мыкты жолго коюлган – эл аралык байкоочу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүүдө. “Кабар” агенттиги Россиянын жаштар жана балдар бирикмелеринин улуттук кеңешинин өкүлү, эл аралык байкоочуга кайрылып, өлкөдөгү добуш берүү процесси кандай өтүп жаткандыгы тууралуу суроо узатты.

Алексей Доссондун айтымында, Кыргызстанда добуш берүү системасы мыкты жолго коюлган. Ал эсептөө автоматтык түрдө жүргүзүлүп жаткандыгын кубануу менен билдирди.

“Белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргызстанда бардык талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзгөн мыйзам катуу иштейт. Адамдарда эйфория сезилип турат, жана алар туруктуулукту каалашат”, - деп билдирди эл аралык байкоочу.

Ошондой эле Доссон кошумчалагандай, ал Ысык-Көл облусунун 7 шайлоо тилкесинде болгон. “Жарандар үй-бүлөлөрү менен шайлоого келип, өзгөрүүлөр үчүн добуш беришүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий