• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи улуттук форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.08.22 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген лидер жана саясатчы аялдардын, мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи улуттук форуму өтүүдө.

Форум аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгү, аялдардын лидерлигинин факторлорун кайра карап чыгуу жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү боюнча диалогдук аянтча катары иш алып барат.

Форумга Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, райондук жана облустук администрациялардын өкүлдөрү, министрлер кабинетинде кызматта иштеген аялдар, Кыргызстандын биринчи айымы жана “Эне-балага тирек” коомдук фондунун директору Айгүл Жапарова, экс-президент Роза Отунбаева, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана башка саясий лидерлер катышууда.

Форумдун алкагында катышуучулар аялдардын лидерлигин жана анын көп түрдүүлүгүн илгерилетүү, ошондой эле жаңы чакырыктарга, аймактагы туруксуздукка жана реформалардын контекстинде өлкөнүн өнүгүүсүнө аялдардын кошкон олуттуу салымын таануу маселелерин талкуулашат. Форумдун жүрүшүндө чечимдерди кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде аялдардын лидерлигин илгерилетүү, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аялдардын айлана-чөйрөгө жана тынчтыкка кошкон салымын жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштелип чыкмакчы.

Пикир

Оставить комментарий