• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда дыйкандарды коргоо механизмдери жок – Тилек Токтогазиев

Коом 0

Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. Кыргызстанда дыйкандарды коргоо механизмдери жок. Тобокелчиликтердин баары дыйкандардын мойнунда калып жатат. Мындай пикирин "Жашыл чарба" агрохолдингинин директору Тилек Токтогазиев Жогорку Кеңештин залында "Жаштар платформасынын" кезектеги жыйында билдирди.

"Дыйкандардын дагы бир көйгөйү – чек аралардан контрабандалык айыл чарба өнүмдөрү өтүп жаткандыгы. Буга өкмөтүбүз катуу көзөмөл кылып берсе, ошондо гана атаандаштык менен чыныгы күрөш болот эле", – дейт Токтогазиев.

Ошондой эле Токтогазиев айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдө сублимациялоо технологиясын колдонуу менен өнүктүрүүнү сунуштады. Маселен, сүт азыктарын жаңы кезинде сатууда ташуу, бузбай сактоо жана башкалары болуп кымбатка туруп калат. Анын ордуна азыктарды сублимациялоо (азык-түлүктөрдү ыкчам кургатып, консервалоо ыкмасы) керектигин айткан Токтогазиев дүйнөлүк брендге айланган "Nestle" сүт азыктарын чыгаруучу компанияны мисалга тартты.

Пикир

Оставить комментарий