• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштардын арасында Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16 -февраль /Кабар/. Бишкекте 13-16 –июлда дзюдо боюнча өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында Азия чемпионаты өтөт, деп билдирди КР Улуттук дзюдо федерациясы соцтармактардагы өзүнүн баракчаларында.

Маалыматка караганда, Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев 11-февралда Парижде дзюдо боюнча Азия биримдигинин президенти Обайд Аль-Нази менен жолугушуп, Азия чемпионатын өткөрүүгө карата Кыргызстандын даярдык маселесин талкуулашты.

“Учурда Кыргызстанда Спорт боюнча мамагенттик менен биргеликте Азия чемпионатын өткөрүү жаатында уюштуруу комитети түзүлдү. Кыргызстанда өтө турган турнир өлкөдө дзюдону өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгө болот”,-деди Ж.Көлбаев.

Пикир

Оставить комментарий