• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

Ал алуучунун фамилиясы жана анын ишмердүүлүгү тууралуу айта албай турганын белгиледи.

“Эгер адам 1996-жылдан бери Социалдык фондго жогорку чегерүүлөрдү төлөгөн болсо, ал жогорку пенсия алат. Ошондой эле эң аз пенсияны өмүр бою иштебеген адамдар алат – 1,5 миң сом”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий