• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда ЕАЭБдин реестрине киргизилген 2 ветеринардык лаборатория бар

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда 19 ветеринардык лаборатория иштеп, анын ичинде экөө ЕАЭБдин реестрине киргизилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин реестрине киргизилген лабораторияларда заманбап жабдыктар орнотулган.

"Эки лаборатория Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан. Алар экспортко чыгарылуучу ветеринардык көзөмөлгө жата турган продукцияга өзүнүн сертификаттарын берет", - деди ал.

Ал белгилегендей, бардык лабораторияларда оңдоо иштери жүргүзүлүп, төртөө жаңы салынган.

Пикир

Оставить комментарий