• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда ЕБ долбоорунун алкагында жарым млн сомго гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда Европа бирлигинин долбоорунун алкагында жарым млн сомго гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пандемия учурунда SOS Балдар айылдары Кыргызстан жана «Балалык институту» коомдук фонддору өнөктөштөрүнө: Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына, Бишкек шаарынын Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын социалдык кызматкерлерине, Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборунун (Балдар үйү) кызматкерлерине, ошондой эле Бишкек шаарынын Балдар үйүнүн жана Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын багып алуучу (фостердик үй-бүлөлөр) үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүштү.

Жеке коргонуу каражаттары, азык-түлүк баштыкчалары, мобилдик байланыш жана обочолонгон кыймыл үчүн унаа менен камсыз кылуу түрүндө көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы - 556 812 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, карантин учурунда социалдык кызматкерлерге жергиликтүү социалдык жардамды уюштуруу үчүн психологиялык жардам жана консультация берилүүдө.

Жардам Европалык бирликтин долбоору алкагында көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий