• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда эч кандай “балдар эпидемиясы” жок, стационарлар штаттык режимде иш алып барууда - министрлик

Ден соолук 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларга массалык түрдө оор абалда ооруп жаткан балдар катталууда деген маалыматты четке какты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыркы күндөрү WhatsApp мессенджери аркылуу Ысык-Көл облусундагы жана Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринде массалык түрдө оор абалда ооруп жаткан балдар катталууда, мындан улам кабыл алууга бош орундардын жетишсиздиги бар деген маалымат тараган.

«Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бардык балдар стационарлары штаттык режимде иш алып барууда жана эч кандай “балдар эпидемиясы” жок", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Бишкекте COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Бишкек шаарындагы №6 клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат. №6 клиникалык оорукананын жетекчилигинин айтымында, 120 койко-орундуктун ичинен 42си бош.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 койко-орундук COVID-19 илдети менен ооругандарга даярдалган. Анын ичинен 150 орун бош.

Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин маалыматына караганда, жалпысынан 400 койко-орундук даярдалып, анын ичинен 60га жакыны бош турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координаторунун милдетин аткаруучу Мира Кыдырбаеванын айтымында, облус боюнча балдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 121 койко-орундук даярдалган, анын ичинен 115и бүгүнкү күндө бош турат.

Пикир

Оставить комментарий