• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ЭЭЭТАТ эсептегичтерин өндүрүүчү ишкана ачылат

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. КР Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев Өзбекстанга иш сапары менен барганда электр энергиясын эсептөөчү шаймандарды өндүрүп чыгарган “Өзэлектроаппарат-Электрощит” компаниясынын жана “Регионалдык электр тармактары” акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышып келди.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапар учурунда Талайбек Байгазиев “Өзэлектроаппарат-Электрощит” АК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Жахонгир Обиджанов менен жолугушуп, шаар четинде жайгашкан Хива керектөөчүлөрүнө түзүлгөн шарттар менен таанышты. Мындан сырткары, аймакта жасалып жаткан реформалардан кабар алды жана Электр энергиясын эсептөөчү жана текшерүүчү автоматташтырылган тутумду (ЭЭЭТАТ) киргизүү шарттары тууралуу маалымат алды.

Азыркы тапта Улуттук энергохолдинг электр энергиясын эсептөөчү шаймандарды жеткирүү жана Кыргызстандын аймагына ЭЭЭТАТ эсептегичтерин өндүрүүчү ишкана ачуу боюнча мурда сүйлөшүлгөн макулдашуулардын жыйынтыгында өзбек өнөктөшү менен мындан аркы кызматташуу планын аныктады.

Пикир

Оставить комментарий