• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» почта маркасы чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. 30-августта Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» аталышындагы жаңы почта маркасын чыгарууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, марканын сүрөтчү-дизайнери Каныбек Турумбеков.

“Мааракелүү марканын дизайны улуттук салттарга шайкеш иштелип чыккан. «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» почта маркасынын негизги идеясы - ачылган кызыл гүл, стилдештирилген түндүктүн сүрөтү жана 30 саны. Марканын жогору жагында тазалыктын жана аруулуктун символу болгон күндүн чыгыш нурлары композицияны бириктирет. Бүтүндөй композицияда табият орун алып, Кыргызстандын бийик тоолору жана көпкөк ачык асман чагылдырылган. Марка Кыргызстандын жаратылышын таанытуу идеясын камтып, композициясы Кыргызстандын өнүгүүсүн жана биримдигин билдирет. Төмөнкү сол жагында «КЫРГЫЗСТАН, KYRGYZSTAN 2021» деген жазуу түшүрүлүп, ал эми оң жагында почта маркасынын номиналы 66 сом көрсөтүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Мааракелүү марканын параметрлери: туурасы - 28 миллиметр, узундугу - 40 миллиметр. Тиражы - 6000 серия, алардын 750сүнүн атайын тешикчелери жок. Почта маркалары Беларусияда «Белоруссия басмаканасы» басмаканасында басылган.

Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жана дүйнөдөгү маанилүү даталарга жана окуяларга, ошондой эле тандалган темаларга ылайык жаңы почта маркаларынын сериясын киргизип турат.

Пикир

Оставить комментарий