• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда эки айда 17 тонна биогумус өндүрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын ноябрь-декабрь айларында токой чарбаларында 17 тонна биогумус өндүрүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, органикалык жер семирткичти өндүрүү үчүн Үч-Коргон жана Кара-Кулжа токой чарбаларында атайын бетон чуңкурлары курулган.

“Токой чарбалары органикалык калдыктардан өздөрүнүн биогумусун чыгарышат жана колдонушат. Курттардан өндүрүлгөн биогумусту токой чарба кызматкерлери күнөсканаларда, питомниктерде сапаттуу көчөттөрдү өстүрүү үчүн, ошондой эле жашылдандыруу үчүн пайдалануу пландаштырууда”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2022-жылдын күз айларында Чүй токой аңчылык чарбасында калифорниялык курттарды көбөйтүү үчүн бетон чуңкурлары курулган.

Пикир

Оставить комментарий