• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда эки айга жете турган ундун кору бар

Экономика 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын ун комбинаттарында элди 1,5-2 айга камсыз кылуу үчүн ун жана дандын кору бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.

Анын айтымында, мурда түзүлгөн келишимдер боюнча дан Россиядан ташылып келүүдө.

“Эгерде ун өлкө чегинен тышкары мыйзамсыз жол менен чыгарылбаса жана Россиядан дан тынымсыз келип турса, анда Казакстандын чек аралары жабылып турган мезгилде дагы элди ата мекендик ун менен камсыз кылуу мүмкүн. Ата мекендик ун комбинаттары дан бар болгон учурда калкты ун менен 100% камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жетет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий