• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда эки күндө терезесин караңгылаткан 26 айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2 күндө терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 26 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, терезеси караңгылатылган автоунаалар айып короосуна токтотулуп, ар бирине 20 миң сомдон айып салынган.

Белгилей кетсек, 28-марттан 15-апрелге чейин өлкө аймагында “Тонировка” аталышында рейддик иш-чара жүргүзүлүүдө. Максаты автоунаалардын алдыңкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуларга тийиштүү чара көрүү менен тартипке келтирүү.

Пикир

Оставить комментарий