• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда эки жаран 16 кг нашаа менен кармалды

Укук тартиби 0

БИШКЕК, 14.08.17. /Кабар/. Кыргызстанда 16 кг нашаа менен эки жаран кармалганын ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-августта ИИМдин кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштерине ылайык, “Бишкек-Торугарт” унаа жолунда “БМВ” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны тинтүүдө эки май куюучу челек табылып, алардын ичинде суюк зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, суюк зат нашаа майы экени аныкталган. Анын жалпы салмагы 16 кг түзгөн.

Бул факты боюнча 247-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий