• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда эки жылда 200гө жакын тез жардам унаасы сатып алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. 2020-2021-жылдары Саламаттык сактоо министрлиги 192 тез жардам жана 20га жакын реанимация унааларын алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, унаалардан тышкары көптөгөн керектүү жабдыктар да алынган. Бүгүнкү күндө тез жардам кызматынын базасында 689 унаа бар.

“Бизде жаңылануу керек. 130га жакын машина жарактан чыккан. Бирок, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу кошумча 62 унаа сатып алабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий