• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда экинчи аскер базасын ачуу маселеси Коопсуздук кеңешинин же президенттин деңгээлинде каралган эмес – Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда экинчи россиялык аскер базасын ачуу маселеси президенттин же Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде каралган эмес. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, өткөн жылы декабрь айында Кыргызстанда Кант шаарындагы авиабазанын 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болгон. Аскер базасы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында иш алып барып, бир гана Кыргызстандын эмес жалпы орто азиялык аймактын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Бул маселе боюнча сөзүн улантып жатып, ал экинчи аскер базасын ачуу президенттин жана Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде каралбаганын белгиледи.

"Россиянын Коргоо министрлигин эксперттеринин же КРнын Башкы штабынын деңгээлинде божомол катары каралган болушу мүмкүн. Бирок Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө болгон азыркы учурдун коркунучтары терроризм менен экстремизм чоң күч жана каражатка ээ болгонун көрсөтүп жатканын белгилеп кетүү керек. Сирияда жеңилген ИГИЛ акырындап Афганистандын түндүгүнө жылууда. Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунучтар бар. Тажикстан менен Кыргызстандагы базалар биздин укук коргоо органдары менен бирге согушкерлердин мизин кайтарууга кыйын күчтү түзөт- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий