• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда ЕККУ иши конкреттештирилген -ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 1-май /Салтанат Абдраева - Кабар/. ЕККУнун Кыргызстандагы иши конкреттештирилди. Бул тууралуу бүгүн брифингде Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги ЕККУ Борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси болуп кайра түзүлүп, 1-майдан тарта жаңы статуста иштеп баштады. “Бишкектеги ЕККУ Борборунун Программалык кеңсе катары кайра түзүлүү процесси ЕККУда Кадыржан Батыровго аянтча берилгенден соң тездеди”, - деп түшүндүрдү ал.

“Бул эмне берет? ЕККУ Программалык кеңсеси долбоорлорду аныктоо жана ишке ашыруу маселелеринде Кыргызстандын өкмөтү менен тыгыз кызматташат. Буга байланыштуу, ЕККУ менен жагдай бүгүн начарлаган жок. Алар баштагыдай эле, долбоорлор менен иштешет. Бирок, бардык долбоорлорун Кыргызстандын өкмөтү менен макулдашат. КРдагы ЕККУ иши конкреттештирилди”, - деди ал.

ЕККУ – коопсуздукту камсыздоо тармагындагы ири аймактык уюм. Кыргызстан ага 1992-жылы кошулган, ал эми Бишкекте Борбору 1998-жылдан тарта иштеп баштаган.

Пикир

Оставить комментарий