• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда экономиканын финансы сектору тарабынан 2021-жылы 20 млрд сомдон ашык пайда алынды

Экономика 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. 2021-жылы экономиканын каржы секторунда 620 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциалык банк, 580 банктык эмес каржылык-насыялык уюм, 14 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишин жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 20% көбөйүү менен 64 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун, микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.

Каржы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2021-жылы 11% өстү жана 43,4 млрд. сомду түздү.

Экономиканын финансы секторунун ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү

Нет описания.

Жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын каржы секторунда оң сальдолоштурулган каржылык жыйынтык 20,5 млрд. сом суммасында пайда алынды, бул 2020-жылга караганда 45% көп. Пайданын өсүшү банктар менен камсыздалган, алардын үлүшүнө каржылык секторунун жалпы суммардык пайданын көлөмүнүн 83,0% туура келген, ошондой эле микронасыялык уюмдар (14,5%) менен камсыздалган.

2021-жылы каржы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынан 67% түздү, ал эми 16% жакын уюмдар чыгаша алды.

Жалпы экономиканын каржы секторунун активдеринин кирешелүүлүгү 3% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (10%) микронасыялык уюмдардын жана күрөөканалардын арасында байкалды.

2021-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес каржылык-насыялык уюмдардын насыялык портфелинин суммардык көлөмү 211 млрд. сомду ашты. Банктык секторуна насыялардын жалпы көлөмүнүн 85,6%, банктык эмес каржылык-насыялардын уюмдарынын секторуна - 14,4% туура келди. Насыялануунун негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26%), айыл чарба (20%), керектөө муктаждыктары (16%), ипотека (10%) жана курулуш (8% жакыны) болуп саналды.

Пикир

Оставить комментарий