• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда экономиканын финансы секторунун субъектилеринин пайдасы дээрлик 2 эсеге өстү

Экономика 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Экономиканын финансы секторунун субъектилеринин пайдасы дээрлик 2 эсеге өстү, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 591 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 309 күрөөканалар, 146 микрокредиттик уюмдар, 97 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

2022-жылдын январь-мартында алар тарабынан 24,4 млрд сом киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,5 эсеге көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 93% банк сектору менен камсыздалды.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 30% көбөйдү жана 12,6 млрд. сомду түздү.

I кварталында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын
ишмердиктеринин көрсөткүчтөрү

Нет описания.

2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 11,8 млрд. сом суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен дээрлик эки эсеге ашты. Пайданын өсүшүнүн суммасынын дээрлик 75% Улуттук банк жана 22% - коммерциялык банктар менен камсыздалды.

I кварталында экономиканын финансы секторунун пайдасы

Нет описания.

2022-жылдын январь-мартында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 61% түздү, ал эми уюмдардын 16% чыгым алды.

Пикир

Оставить комментарий