• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда "Экспорт кербени. Аймактарды өнүктүрүү" өнөктүгү өткөрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда 18-февралдан 3-мартка чейин "Экспорт кербени. Аймактарды өнүктүрүү" маалыматтык өнөктүгү өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов билдирди.

Ал белгилегендей, өнөктүккө Айыл чарба министрлиги, Соода-өнөр жай палатасы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясы, Кепилдик фонду, Салык кызматынын өкүлдөрү катышып, жер-жерлердеги өндүрүүчүлөр менен экспорттоочуларга өз продукцияларын экспортко алып чыгуу боюнча маалымат беришет.

"Өнөктүктүн алкагында биздин export.gov.kg сайты тааныштырылат. Белгилүү болгондой Европа биримдигинен Кыргызстанга ВСП+ жеңилдиги берилген. Ушул жылдын июнь айынын аягына чейин биздин экспорттоочулар Европа биримдигиндеги мамлекеттерге экспортко чыгууну кааласа РЕХ системасынан (Европа биримдигине экспорттоочу компанияларды каттоо) каттоодон өтүшү керек. Каттоодон өтпөсө ВСП+ берген жеңилдиктерди колдоно албайт. Ушул тууралуу жана инвестицияларды тартуу үчүн кандай долбоорлорду жазыш керек ж.б. тууралуу маалымат берилет", - деди ал.

Ал белгилегендей, экспорттоочулар экспортко чыгуу үчүн кандай сертификаттар талап кылынат ж.б. ушуга байланышкан суроолорго жооп ала алышат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн улук инспектору Изатилла Насирдин уулу белгилегендей, аймактарда калктын 70%ы мал чарбачылыгы менен алектенет. Бирок алар өз продукциясын сыртка алып чыгууну кааласа, ал продукция эл аралык талаптарга жооп берип, тиешелүү тастыктамасы болушу керек.

"Эл аралык талаптарга жооп бермейинче ал продукцияны экспортко алып чыга алышпайт. Көбүнчө, ишкерлер ушул жагынан аксап келишет. Таза продукциясы бар, бирок анын сертификаты болушу керек. Өнөктүктүн алкагында бул багытта ишкерлерге маалымат берилет. ЕАЭБ, Европа биримдигинин жана башка өлкөлөрдүн реестрлерине кантип кирүү керектиги тууралуу маалымат беребиз", - деди ал.

"Экспорту кербени" өнөктүгү БУУнун Өнүктүрүү программасынын "Соодага көмөк" долбоору менен биргеликте өткөрүлүүдө. Бул долбоордун координатору Урмат Такировдун айтымында, алардын долбоору Финляндия тарабынан каржыланууда. Мындай долбоору бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу Өзбекстан, Тажикстанда жүргүзүлүүдө.

"Бул долбоор жергиликтүү өндүрүүчүлөргө шарт түзүү, иш орундарын түзүү, кирешелерин арттыруу максатын көздөйт. Биздин долбоордун негизги басым жасалган багыттарынын бири – экспортко багытталган өндүрүш, экспортту колдоо. Азыркы тапта бизнес маалымат жагынан аксап келүүдө десе болот. Мисалы, бир адам акча топтоп бизнес ачууну чечет. Анда идея бар, бирок эмнеден баштоону билбейт, бизнес процесси тууралуу маалыматы жок. Айрыкча бул экспортко байланыштуу болууда. Себеби, айрым өлкөлөр жаңы эрежелерди, процедураларды киргизүүдө. Ал өз кезегинде бизнеске, анын киреше табуусуна же чыгаша тартышына таасир этет. Бул демилге өлкөдөгү бизнеске колдоо кылган институттар менен аймактардагы бизнестин ортосунда көпүрө болууда", - деди ал.

"Экспорт кербени":

- 18-февраль – Баткен, "Алтын-Бешик" мейманканасы;

- 19-февраль – Ош, "Grand Chavo" мейманканасы;

- 20-февраль – Жалал-Абад, "Багера" мейманканасы;

- 24-февраль – Талас, "Кербен" мейманканасы;

- 26-февраль – Нарын, "Хан-Теңири" мейманканасы;

- 28-февраль – Каракол, "Тагай-Тай" мейманканасы;

- 3-март – Бишкек, Экономика министрлигинин чоң залы.

Пикир

Оставить комментарий