• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда экспорттоочуларды колдоо үчүн банктар түзүлөт – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда экспорттоочуларды колдоо үчүн банктар түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мыкты экспорттоочуларга сыйлык тапшырып жатып билдирди.

Ал билдиргендей, “РСК банктын” базасында экспорт жана импортту колдоо боюнча банк түзүлөт.

“Андан тышкары, учурда башынан кыйын күндөрдү өткөрүп жаткан “Росинбанк” келечекте ипотека берип жана экспортерлорго колдоо көрсөтөт”, - деди премьер-министр.

Ошондой эле өкмөт башчы баса белгилегендей, экспортту колдоо үчүн өкмөт тарабынан 10 млн. сом көлөмүндөгү каражат текстиль индустриясына бөлүнүп, алар жылына 8% менен насыя катары берилет.

Пикир

Оставить комментарий