• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда экспорттун көлөмү төмөндөп, импорт өскөн

Экономика 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-апрель айларында 2 млрд. доллардан ашык болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат жыйында белгилүү болду.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга төмөндөгөн.

Ошону менен бирге экспорт 7,1%га жогорулап, импорт 5,5%га кыскарган.

Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 2019-жылдын январь-апрель айларында 741 млн. долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 1%га өскөн. Ал эми, эспорт 19,8%га төмөндөп, импорт 8,7%га жогорулаган.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө эң көп бөлүгү Россия – 60,2% жана Казакстан - 38,2% туура келет.

Пикир

Оставить комментарий