• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда эл аралык Алтай цивилизациясы форуму башталды

Маданият 0

Бишкек, 20-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/.Кыргызстанда эл аралык “Алтай цивилизациясы” форуму старт алды.

Аталган форум өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен уюштурулган.

Иш чарада 12 мамлекеттен 20дан ашык улуттар катышууда. Конок катары Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Россиянын федералдык кеңешинин мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков, Саханын мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков чакырылган.

Эскерте кетсек, форум 21-22-июлда Ысык-Көлдө уланат.

Пикир

Оставить комментарий