• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда Эл аралык эмчи айым күнү белгиленет

Ден соолук 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. 12-майда Улуттук онкология борборунда “Эмчи айым жана акушерлердин ишиндеги этика жана диентология” кесиптик сынагынын финалдык туру өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, сынактын башкы максаты – Кыргызстанда эмчи айым жана акушер адистиктеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу.

Саламаттык сактоо уюмунда эмчи айым кызматтык милдеттерин так аткарган, кесипкөй болушу керек.

Бул иш чара 5-май Эл аралык акушерлердин жана 12-май Эл аралык эмчи айым күндөрүн белгилөөгө арналган. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлер менен бейтаптардын ортосундагы өз ара мамилелердин моралдык-адептик ченемдерин жогорулатуу максатында, КР медициналык кызматкерлеринин этикалык кодексин жакшыртуунун алкагында уюштурулууда.

Республика боюнча 33 миң 444 орто медициналык билимдүү адис бар, же 10 миң адамга 55,6, ошондой эле, 13 миң 209 дарыгер бар.

Дарыгерлердин айтымында, учурда эмчи айымдарга ооруларга кам көрүүнүн 80%ы жүктөлгөн. Батышта статистика боюнча бир эмчи айымга 5 оорулуу туура келсе, биздин өлкөдө бул 20 бейтап туура келет.

Жыл сайын дүйнө жүзүндө 12-майда Эл аралык медицина айымынын күнү белгиленет. Эмчи айымдар саламаттык сактоо тутумуна маанилүү салым кошуп келишет. Эмчи айымдардын катышуусуз саламаттык сактоо мүмкүн эместигин баары түшүнөт.

Ошол эле учурда эмчи айым жана акушерлер саламаттык сактоодо жагымдуу өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү боло алышат.

Пикир

Оставить комментарий