• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленүүдө

Маданият 0


Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкы адиси Ринат Бакеев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата өлкөнүн бардык мектеп жана китепканаларында китеп жумалыгы өтөт. Аталган иш-чаранын алкагында китеп жана китеп окууга арналган атайын концерттик программалар, ар кандай сынактар, театрлаштырылган оюн-зооктор, көргөзмө жана жарманкелер өтөт.

"Китеп жумалыгынын негизги максаты – Кыргызстанда китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, жазуучулардын, акындардын, басмачылардын өлкөнүн маданий өнүгүүсүнө кошкон маанилүү салымын таануу болуп саналат", - деп билдирди ал.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынынын директору Роза Султангазиеванын айтуусуна караганда, китеп жумалыгынын алкагында дээрлик 1 миңге жакын иш-чара пландалган.

"Биздин китепканада компьютердик лаборатория уюштурулган, анда балдар 3D калем жана 3D принтерлерди колдонуп компьютердик программалоо, компьютердик моделдөө жана башка изилдөөлөр менен алектене алышат. Ошондой эле чоңдор үчүн "Ийне - жип" жаңы студиясынын ачылышы болот", - дейт ал.

"Окуу керемет" долбоорунун Кыргызстандагы директору Лиана Гертч билдиргендей, балдар арасында китеп окуу маданиятын жайылтууда мугалимдердин, ата-энелердин жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн колдоосу маанилүү.

“Кыргызстанда билим берүү тутуму балдарга билим берүүнүн жогорку деңгээлин сактап калганын баса белгилеп кетким келет, бирок көпчүлүк китепканалар балдар жана өспүрүмдөрдү балдардын талаптарына жооп берген ар кандай китептер менен камсыздоодо кыйынчылыктарга туш болушат. “Окуу керемет” долбоору балдарды заманбап адабияттар менен камсыздоого багытталган. Бүгүн биз ар түрдүү жанрдагы китептин 340тан ашык түрүн ыңгайлаштырдык. Бул китептер бардык каалоочулар үчүн Билим берүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү болот. Андан тышкары, биз Кыргызстандын мектептерин китептер менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. 2021-жылы биз 900 миң китеп басып чыгарып, өлкөнүн мектептерине таратууну көздөп жатабыз”, - деди Гертч.

Пикир

Оставить комментарий