• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. Кыргызстанда бир катар теракттарды жасоого пландаштырган согушкер кармалганын КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын 22-декабрында КР УКМК тарабынан өткөзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагына Сириядагы диверсиялык топтордон жиберилген эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) согушкерлеринин кирүүсүн аныктап, алдын алуу боюнча контртеррористтик иш-чаралардын алкагында «Т.А.» аттуу КР жараны кармалды.

Аныкталган маалыматтар боюнча, «Т.А.» 2016-жылы ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнө кошулуп, диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

2017-жылы эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) башчыларынын тапшырмасы менен жашыруун террористтик ячейкаларды түзүп, террористтик актыларды даярдап, ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө аракет кылган.

Азыркы убакта КР УКМК Тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 375 (жалданмачылык) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран МУКК Тегөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий