• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун дагы бир мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөлөрүнүн КР аймагына террористтик акцияларды даярдоо максатында кирүү каналдарына бөгөт коюу боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, эл аралык уюмдардын лагеринде атайын даярдыктан өткөн «С.Ж.» аттуу КР жараны кармалды.

КР МУКК басма сөз кызматы билдиргендей, «С.Ж.» ЭТУ башчыларынын тапшырмасы боюнча, колго жасалган жардыруу түзүмдөрдү пайдалануу менен терак жасоону пландаштырганы аныкталды.

Азыркы убакта МУКК органдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 27- беренесинин 1-бөлүгү жана 226- беренеси (“Террористтик актыны даярдоо”), 226-4 ( Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) беренеси жана 299-2 (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, жайылтуу, сактоо, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисстик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам КР МУКК Тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий