• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда Эл аралык валюталык фонддун миссиясы өз ишин баштады

Экономика 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кыргызстанга Кристиан Жос жетектеген Эл аралык валюталык фонддун миссиясы келди. Миссиянын сапары 2018-жылдын 3-октябрына чейин уланат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын максаты – Кыргызстан үчүн Эл аралык валюталык фонддун колдоосу астындагы жаңы мүмкүн болгон программанын шарттарын жана курамын талкуулоо. Сапардын учурунда КР өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.

20-сентябрда КРнын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Жеңиш менен Эл аралык валюталык фонддун миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар алдыдагы кызматташтыктын келечегин талкуулашкан.

Маалымат үчүн: 2015-2018-жылдары КРнын Эл аралык валюталык фонд менен кызматташтыгы Кеңейтилген насыялык механизм үч жылдык программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында ишке ашкан. Программанын максаты – бюджеттин жана карыз кырдаалдын туруктуулугуна жетүү, каржы секторунда туруктуулукту камсыздоо жана экономиканын өнүгүшүнүн потенциалын жогорулатуу үчүн түзүмдүк реформаларды өткөрүү болгон. Аталган программанын алкагында Кыргызстан өлкөнүн мамлекеттик бюджетин колдоо үчүн насыялык ресурстарды алган. 2018-жылдын 8-апрелинде программа жыйынтыкталган.

Пикир

Оставить комментарий