• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлө турган эл жана турак жай фондун каттоого карата даярдык толук кандуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитетинен билдиришкендей, мурда белгиленгендей, алдыдагы каттоонун 1999 жана 2009-жылдары кагаз түрүндө жүргүзүлгөн каттоодон башкы айырмасы, маалыматтарды топтоонун электрондук форматтагы ыкмаларды колдонуу менен биринчи жолу өткөрүлөт.

"Мындай ыкманын башкы артыкчылыктарынын бири алынган маалыматтардын сапатын жогорулатуу, аларды иштеп чыгууга кеткен убакытты кыскартуу жана эң башкысы, каталарды ыкчам табуу жана четтетүү болуп саналат. Мындан тышкары, инфографика жана жайылтуунун башка формаларын пайдалануу менен анын негизги жыйынтыктарын мүнөздөгөн Excel, буклеттер, чоң сандагы таблицалар менен электрондук варианттагы публикацияларды жайылтуунун ар кандай формаларын даярдоо мүмкүнчүлүгү пайда болду", - деп айтылат маалыматта.

Бул максатта Улутстатком каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда. Мында, мурда эл каттоого же кайсы бир статистикалык тандалма изилдөөлөргө катышкан 18 жаштан жогору курактагы КР жарандарына артыкчылык берилет. Мындан тышкары, Android 5 системасында башкарылган уюлдук телефону болушу жумушка кабыл алуу үчүн зарыл шарт болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий