• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы башталды

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин республикада эл жана турак жай фондун каттоонун экинчи этабы өтөт.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, анын жүрүшүндө алыскы жана жетүүгө кыйын болгон региондордун калкы кайрадан катталат. Республиканын 15 районунда 116 калктуу пункт бар. Каттоо, биринчи этаптагыдай эле электрондук форматта өтөт.

Ошол эле учурда, 23-апрелден 2-майга чейин калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт. Кандайдыр бир себептерден улам каттоодон өтпөгөн адамдар чалуу борборуна 1216 номери боюнча кайрыла алышат, операторлор арызды кабыл алышат жана территориалдык каттоо бөлүмдөрүнө жөнөтүшөт. Кошумча WhatsApp номерлерине жазсаңыз болот: +996 (502) 159 815, +996 (999) 183 020.

Каттоонун экинчи этабы өткөрүлө турган алыскы аймактардын тизмеси

Нет описания.

Нет описания.

Нет описания.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий