• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда электр энергиянын суткалык керектөөсү максимумга жетип, рекорд жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда электр энергиянын суткалык керектөөсү максимумга жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейинки кышкы электр энергиянын суткалык керектөөсүнүн рекорду 2021-жылдын 6-январында катталган. Анда керектөө 73 млн кВт саатты түзгөн.

“Ал эми 2023-жылдын 14-январында электр кубатынын суткалык керектөөсү 76,4 млн кВт саатты түздү. Ал эми 12-январда 73,8 млн кВт саат, 13-январда 75,2 млн кВт саат, 15-январда 76,1 млн кВт саат болду. Үч күндөн бери ызгаардуу суук болуп, электр энергиянын керектөөсү совет доорунан бери алганда жогорку чекке жетти", - дейт ал.

Жакыпов жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырды.

Аба ырайынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу энергетика компаниялары бир катар чараларды көрүүдө:

- Компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилеринин, бардык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин, жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулган;
- Энергетика объектилеринде кызматкерлердин кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулган;
- Авариялык өчүрүү учурунда тез арада калыбына келтирүү схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы түзүлдү;
- Ыкчам бригадалар автотранспорт жана зарыл жабдуулар менен камсыз кылынды.

Пикир

Оставить комментарий