• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилүүдө

Экономика 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилип жатат. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган тарифке каалаган жарандар туташа алат.

“Тарифтин наркы 1 киловатт – 5 сом 4 тыйынды түзөт. Эгер абонент электр энергия аз берилип жатат десе, “чексиз” тарифине кошула алат”, - дейт ал.

Бекмурзаев электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин айтат.

“Кыргызстанда баары кымбаттады, бирок электроэнергия кымбаттаган жок Азыр энергосистеманы тейлөө кымбат болуп жатат – бензин, техника, жабдуулар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий