• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүү минимумга түштү

Экономика 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Учурда энергетиктер болгон күчү менен иштөөдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.

Ал электр энергиянын өчүү графиги сакталбай жатканын белгилеп, өчүрүүлөр азайганын маалымдады.

“Энергетиканын алы жетип жаткан учурда өчүрүүлөр болгон жок. Бир гана максимум убагында, тактап айтканда, таңкы саат 06:00 - 09:00дө жана кечки саат 18:00 - 21:00дө гана чектөө киргизилип жатат. Азыр өчүрүүлөр дээрлик жок. Абоненттер электр жарыгын өтө көп керектеп койсо айласыздан өчүрүп жатабыз”, - дейт ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, Бишкек ЖЭБинде көмүр жетиштүү көлөмдө бар жана ал туруктуу иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий