• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда «Камаз» ЖАКтын электробустарды чыгаруу боюнча заводун ачуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда «Камаз» коомдук акционердик коомунун (ЖАК) электр автобустарын чыгаруучу автомобиль заводун ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызстан – Татарстан» ишкердик форумунда Татарстандын Соода-өнөр жай палатасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильдар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, форумдун алкагында тараптар эки республиканын бизнесинин кызыкчылыгында мындан аркы, кеңири, өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

«Бизде так макулдашуулар бар, атап айтканда, Кыргызстанда электробустарды чыгаруу боюнча «Камаз» ЖАКтын автомобиль заводун жана Казань шаарында (Татарстан) КРнын башкы консулдугун ачуу», - деди ал.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл форумдун алкагында кыргыз ишкерлери Татарстандын бизнес чөйрөлөрү менен B2B форматында түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкердик байланыштарды түзүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алышарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Бишкекте КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана Татарстандын президенти Рустан Миннихановдун катышуусунда ишкердик форуму өтүп жатат.

Маалымат үчүн: Татарстандын соода-өнөр жай палатасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2021-жылы апрелде ачылган. Ушул аралыкта 2 бизнес миссия өткөрүлдү: «РФдагы мусулман ишкерлер ассоциациясы» жана «Татарстандын соода-өнөр жай палатасы».

Пикир

Оставить комментарий