• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар КНС төлөйт

Экономика 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар КНС төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Салык кызматы чет өлкөлүк уюмдарга аралыктан салыктык каттоодон өтүү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервисин ишке киргизди.

Азыркы учурда, сервистин тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргызстандын аймагы деп таанылган, Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

Белгилей кетсек, КР Салык кодексине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырган бардык чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү.

Маалымат үчүн: КР Салык кодексинин 32-беренесине ылайык, интернет түйүнү аркылуу техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык, оюн-зоок жана башка мүмкүнчүлүктөрдү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу берүү боюнча автоматтык ыкма менен жүзөгө ашырылуучу ишкердик иш, анын ичинде төмөнкүлөр электрондук түрдө кызмат көрсөтүү деп таанылат:

– электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү үчүн программалык камсыз кылууну колдонууга укуктарды электрондук түрдө берүү;

– аралыктан, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу интернет-ресурстарга жана башка маалыматтык-коммуникациялык түйүндөрдүн ресурстарына, анын ичинде аларга жаңылоону жана кошумча функционалдык мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүктү берүү;

– Интернет түйүнүндө жарнамалык кызматтарды көрсөтүү;

– Интернет түйүнүндө коммерциялык же жеке катышууну камсыздоо жана/же колдоо;

– эсептөөчү кубаттуулуктарды ижарага берүү;

– аралыктан жеткиликтүүлүк аркылуу маалымат тутумдарын, интернет-ресурстарды администрациялоо боюнча кызмат көрсөтүү;

– Интернет түйүнүндө издөө тутумдарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү;

– Кыргыз Республикасынын электрондук соода жөнүндө мыйзамдарына ылайык соода платформасында сатуучунун жана/же оператордун ишин жүзөгө ашыруу;

– Интернет түйүнүндө товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү), мүлктүк укуктарды сатып алуу (сатуу) жөнүндө сунуштарды жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү;

– Интернет түйүнү аркылуу электрондук китептерди (басылмаларды) жана башка электрондук жарыялоолорду, маалыматтык, билим берүү материалдарын, графикалык сүрөттөрдү, музыкалык чыгармаларды тексти менен же тексти жок, аудиовизуалдык чыгармаларды пайдалануу укугун, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу аларды көрүүгө же угууга аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү.

Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөргө, атап айтканда, төмөнкүдөй операциялар кирбейт:

– эгерде Интернет түйүнү аркылуу товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүгө буюртма Интернет түйүнүн колдонбостон жүзөгө ашырылса, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу;

– электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды (анын ичинде компьютердик оюндарды), материалдык алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтарды сатуу (пайдалануу укугун берүү);

– электрондук почта аркылуу консультациялык кызмат көрсөтүү;

– Интернет түйүндөрүнө жеткиликтүүлүктү берүү боюнча кызмат көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий