• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда электрондук визаларды жасалмалаган веб-сайттар пайда болду - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда электрондук визаларды жасалмалаган веб-сайттар пайда болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ортомчулук кызмат көрсөткөн бөтөн веб-сайттар аркылуу "Электрондук" системасы боюнча билдирүү калтырган учурлар аныкталган.

Ошондой эле, ал сайттар evisa.e.gov.kg расмий веб-сайтынын форматын кайталап, билдирүү калтыргандарды адаштырып жаткандыгы айтылат.

Ошол эле учурда министрлик билдиргендей, ал веб-сайттардын кызмат акысы визанын наркынан 150%га көп.

"Бөтөн сайттар аркылуу электрондук визага билдирүү калтыргандардын "Электрондук виза" системасында алардын билдирүүсү жок болуп чыгууда. Айрым учурларда, андай веб-сайттар билдирүү калтыргандардын кайрылуусу менен арыздарын карабай коюуда. Мындан улам алар "Электрондук виза" системасынын расмий электрондук почтасы аркылуу кайрылышууда", - деп билдирет министрлик.

Министрлик ал сайттардын бири катары kyrgyzstanvisas.com келтирет.

Мындан улам, министрлик кандайдыр бир маселе жаралып калбашы үчүн КРнын электрондук визасын алуу үчүн билдирүүлөрдү расмий evisa.e.gov.kg сайты аркылуу калтырууну сурайт.

Бөтөн сайттар аркылуу электрондук визага билдирүү калтырган учурда министрлик жоопкерчилик албайт.

Пикир

Оставить комментарий