• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда эмдөө жумалыгы: Мобилдик топтордун жардамы менен 937 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. “Вакциналар бизди жакындатат” урааны астында Кыргызстанда эмдөө жумалыгы жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 2021-жылы кампания эмдөө жүргүзүү жагында тилектештикти бекемдөөгө жана коомдо эмдөөгө болгон ишенимди арттырууга көмөктөшөт.

Бүгүнкү күндө республикада жалпы 65 мобилдик топ эмдөө жасап жатат. Мобилдик топтордун жардамы менен коронавирус илдетине каршы жалпысынан 937 адам эмдөөдөн өттү.

Анын ичинен: Бишкек шаарында 25 адам, Ош шаарында 119, Чүй облусунда 264, Ысык-Көл облусунда 44 адам, Талас облусунда 114 адам, Нарын облусунда 136 адам, Жалал-Абад облусунда 196 адам, Баткен облусунда 39 адам эмдөөдөн өттү.

Маалымат үчүн: Мобилдик топтор республиканын бардык аймагында COVID-19 оорусуна каршы Sinopharm компаниясынын вакцинасы менен калк арасында эмдөө иштерин алып барып жатышат. Эмдөө акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий