• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда эмдетүүнү каалабагандардын 68% диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартат

Ден соолук 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Кыргызстанда эмдөөнүн Европа жумалыгын өткөрүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнур Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, жумалыктын башкы максаты жугуштуу ооруларды алдын алуу жана алардан коргоону үчүн вакцинанын колдонулушуна өбөлгө болуу. Эмдөө жумалыгы өлкөнүн баардык аймактарында өтөт.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу программасы катары Эмдөө программасын аныктап, сапаттуу эмдөө кызматтарын калк үчүн адилеттүү жана туруктуу түрдө жеткиликтүү болушуна аракет кылат. Министрлик, ар бир баланын алдын алууга боло турган жугуштуу оорулардан сактанууга укугу бар экенин маалымдоо боюнча иштерди аткарат",- деди ал.

Анын айтымында, географиялык өзгөчөлүктөр жана айрым калктуу пункттарга жетүү кыйын болгондуктан улам Кыргызстанда балдарды өз маалында эмдөө иштеринде кыйынчылык болууда.

"Республикалык иммундук профилактика борборунун маалыматына ылайык, диний көз караш менен эмдөөдөн баш тарткан учурлар көбөйүп, 68%ды түзүүдө. Вакцинанын сапаты жана медициналык процедуралардын коопсуздугуна күмөн санагандар 18%ды түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий