• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн онлайн-консультация платформасы демилгеленди

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. USAID уюмунун "Борбор Азияда коопсуз миграция" долбоору "Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор" коомдук уюму менен биргеликте кыргызстандык эмгек мигранттар үчүн онлайн-консультация платформасын демилгелеген. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында "Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор" коомдук уюмунун өкүлү Юлия Саломатина билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын август айынан ноябрь айына чейин мигранттар акысыз юридикалык жана психологиялык кеп-кеңештерди алышкан.

"4 ай ичинде биздин адистерге онлайн режиминде 500гө жакын адам кайрылган. Көпчүлүгү Кыргызстандан кайрылган. Алардын 62%ы аялдар. Жаш курагы боюнча кайрылгандардын 62%ы 24-35 жаштагылар. Көп берилген суроолор: Россияда каттоонун мөөнөтүн узартуу, паспортту алмаштыруу, авиа учуулар жана Россияга иштөө үчүн кайтуу мүмкүнчүлүгү", - дейт ал.

Саломатина кеп-кеңештер Facebook, Instagram и Telegram соцтармагы аркылуу кыргыз жана орус тилдеринде берилип жатканын белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий