• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда эмгек рыногунун маалымат системасы жана веб-портал түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик органдарын санариптештирүүнүн алкагында Эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коомунун (GIZ) колдоосу алдында расмий түрдө эмгек рыногунун маалымат системасы жана “Zanyatost.kg” веб-порталы түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ведомствонун статс-катчысы Каныбек Абдиев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, аталган система эмгек рыногу тууралуу маалыматты жана калкты эмгек менен камсыз болуу үчүн мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүү кызматтарынын сапатын жогорулатат.

“Маалымат системасы - бул эмгек менен камсыз кылуу боюнча шаардык жана райондук кызматтардын ишин автоматташтырган компьютердик программа. Жумушу жоктор, бош орундар, жумуш берүүчүлөр жана министрликтин баардык маалыматтары каттоодон өткөндөн кийин документти электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүндүк болот. Өлкөнүн баардык эмгек кызматтарынын маалыматтары бир базада сакталып, архивделип жана актуалдаштырылат. Ал эми жарандар бош орундар жана иш издегендер тууралуу маалыматты веб-портал аркылуу таба алышат. Бул өз кезегинде көрсөтүлгөн кызматтардын эффектүүлүгүн жогорулатып жана жумуш берүүчүлөр менен жүмүш издегендер ортосундагы байланышты жакшыртат”, - дейт Абдиев.

Статс-катчы билдиргендей, “Түндүк” системасынын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы, Социалдык фондго кайрылган жарандар тууралуу маалыматтарды алууга болот. Ал эми ушул системанын жардамы менен Мамлекеттик салык кызматынан да маалымат алууга болот.

“Андан тышкары, “Zanyatost.kg” веб-порталы иштелип чыккан. Бул порталда Кыргызстан боюнча вакансиялар, эмгекке орношууга көмөктөшүү жаатындагы ЧУАлар, иш-чаралар жана көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу жаңылыктар, ошондой эле толук республиканы караган эмгекке орношууга көмөк көрсөтүүчү Бишкек шаардык башкармалыгынын сурап-билүү борбору жайгаштырылган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий