• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда эми мамлекеттик тилдеги иш кагаздар түп нуска болуп эсептелет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депуттар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Жыйынга КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев катышты.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева баяндама жасады.

“Сунушталган мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан”, - деди Раимбачаева.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын мамлекеттик тилин колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган. Мамлекеттик тилдеги расмий документтер жана ченемдик укуктук актылар түп нуска болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий