• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда энергетика тармагын массалык оптимизациялоо башталды

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда энергетика тармагын массалык оптимизациялоо башталганын Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Бүгүнкү күндө энергетика тармагы кризистик абалда турат. Учурдагы кырдаалга таасирин тийгизген негизги факторлор - чоң көлөмдөгү насыялар, тарифтердин жасалма кармалышы жана каражаттын жетишсиздиги.

Жогоруда айтылган факторлордон сырткары эң маанилүү фактор катары, кургак циклдин башталышын жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин кооптуу деңгээлге төмөндөп кетүү коркунучун айтсак болот.

Республиканын керектөөчүлөрүн керектүү энергия менен камсыз кылуу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн эң аз 8,2 млрд м3да сактоо максатында 2021-жылы Бишкек шаарындагы ЖЭБдеги жүктү максималдуу көбөйтүү жана электр энергияны 2,5 млрд кВтсга чейин өндүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Бул иш-чара болжол менен 1,1 млрд м3 сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, бирок ошол эле учурда отун ресурстарын (көмүр, газ, мазут) сатып алууга кошумча 2,7 млрд сом талап кылынат.

Ошондой эле азыркы учурда 2022-жылдын 1-кварталын эске алуу менен Казакстан жана Өзбекстан Республикалары менен 1,650 млрд кВтсга чейин электр энергия алмашуу боюнча келишимдер түзүлүп, учурда 646,4 млн кВтс электр энергия жеткирилди.

Жогоруда келтирилген фактыларга байланыштуу, энергетика тармагы энергетикалык компаниялардын бюджеттеринин чыгым бөлүгүн, каражаттын жетишсиздигин азайтуу максатында 1,7 млрд сомго кыскартуу зарыл чарасын көрүүгө мажбур болууда. Алардын ичинде:

- "Электр станциялары" ААК - 898,8 млн сом;
- "Чакан ГЭС" ААК - 10,2 млн сом;
- "Кыргызстан УЭТ" ААК - 142,7 миллион сом;
- "Түндүк электр" ААК - 477,6 млн сом;
- "Чыгыш электр" ААК - 49,5 млн сом;
- "Ош электр" ААК - 81,3 млн сом;
- "Жалалабат электр" ААК - 40,7 млн сом;
- "Бишкекжылуулуктармагы" ААК - 21,8 млн сом.

Энергетика тармагынын уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу менен Улуттук энергетикалык холдингде башкарма мүчөлөрүнүн саны 1 бирдик, кеңешчи жана холдингдин 6 кызматкеринин санынын кыскаргандыгын эске алуу менен жаңы уюштуруу түзүмү бекитилди.

Ошондой эле 9 энергетикалык компаниянын 7синде башкы дирекциянын мүчөлөрү 4төн 3кө чейин кыскарган, кеңешчи кызмат орундары кыскарган жана ички аудит кызматтары жоюлган. Ошол эле учурда, ички аудит кызматтарынын жоюлушуна байланыштуу, туунду компаниялардын каржылык-чарбалык ишин натыйжалуу контролдоо максатында текшерүү комиссиясынын иши күчөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий