• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда энергокомпаниялардын саны эки эсеге кыскартылат — 14төн 7ге чейин

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда энергетикалык компаниялардын саны эки эсе кыскартылат, башкача айтканда, 14төн 7ге чейин. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергосектордогу реформанын негизги максаттары — чыгымдарды оптималдаштыруу, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо болуп саналат.

Төмөнкү компаниялар бириктирилет:

- "Электр станциялары" ААКсы жана "Бишкек жылуулук тармагы" ААКсы;

- “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы жана төрт бөлүштүрүүчү компания: “Түндүк электр” ААКсы, “Чыгыш электр” ААК, “Ошэлектр” ААКсы жана “Жалалабатэлектр” ААКсы;

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК менен бөлүштүрүүчү компаниялардын биригүүсү эки этапта болот.

Алгач “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабатэлектр” биригип, андан кийин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" менен биригет.

Реформа төмөнкүдөй натыйжаларды берет:

- башкаруу персоналынын ишин оптималдаштыруу;

- техникалык персоналдын ыкчам өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу;

- аймактык электр тармактарын өнүктүрүү;

- санариптештирүүнү өнүктүрүү (AMR жана биллинг системасы);

- энергетикалык компаниялардын ортосунда ресурстарды;

- рационалдуу кайра бөлүштүрүү;

- жылуулук менен электр энергиясынын ортосундагы кайчылаш субсидиялоону кыскартуу;

- сатып алуу иш-чараларын борборлоштуруунун эсебинен чыгымдардын кыскартуу.

Пикир

Оставить комментарий