• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирустун кесепетинен каза болгон учурлар катталууда.

"Жалпылап айтканда, илдеттин өсүү темпи анчалык жогору эмес, бирок коронавирустун кесепетинен каза болгон учурлар вирустун кооптуу болгонун жана оорунун өрчүп кетишине алып келгенинен кабар берет. Санитардык талаптарды сактабагандыктан кырдаал курчуп баратат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 10-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2093 учур катталды. Алардын ичинен 409у медицина кызматкери. Илдеттен 1572 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий