• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырса, бала бакчалар баскыч-баскыч менен ачылат – Жусупбекова

Коом 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырса, бала бакчалар баскыч-баскыч менен ачылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

"Бала бакчалардын иши тууралуу айтып өтсөм, биз жүргүзгөн мониторинг көрсөткөндөй, 9 миңден ашык ата-эне балдарын бала бакчага жөнөтүүгө макул. Бирок биз биринчи кезекте коопсуздук жагын карап жатабыз. Биз үчүн балдардын ден соолугу, өмүрү алдыңкы орунда турат. Ошондуктан абал жакшырса жана тиешелүү мекемелер бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берсе, биз бала бакчаларды баскыч-баскыч менен ачууга даярбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий