• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 28.01.20 /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу жана коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Бүгүн, 28-январь күнү эрте менен Кыргызстанга Кытайдын Үрүмчү шаарында билим алган 6 студент "Ак-жол" көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу келишти. Чек арада аларды саламаттык сактоо кызматкерлери тосуп алып, профилактика максатында ал студенттер Ысык-Ата аймактык ооруканасына атайын палатага жайгаштырылды. Алар медициналык байкоого алынды. Алардын абалы канааттандырарлык. Коронавирустун эч кандай белгилери аныкталган жок. Учурда лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, жугуштуу оорулар боюнча талаптарга ылайык, вирус чыккан жерден келген адамдар так диагноз аныкталганча тиешелүү лабораториялык текшерүүдөн өтүшү керек.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

- Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
- Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же кагаз кол аарчы менен жабуу;
- Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
- Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
- Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;
- Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Пикир

Оставить комментарий